SerepTV Logo

Орусиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда

Орусиядан Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн алып келүү пландалууда
Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Орусияга болгон иш сапарынын алкагында, Орусиянын “Үрөндөр” ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстанга жогорку түшүмдүү дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүн, рапс, күн карама жана сафлорду жеткирүү жана КМШ өлкөлөрүндөгү селекция, үрөн өстүрүү, питомниктерди өстүрүү маселелери талкууланды. "Жолугушуунун жыйынтыгында, Орусиянын “Үрөндөр” ассоциациясынын президенти Иван Кузьмин Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте селекция, үрөн өстүрүү жана питомник чарбасын өнүктүрүү жаатында даяр экендигин билдирди. Ошондой эле, бул багытты өнүктүрүүнү так жана кеңири талкуулоо үчүн, Орусиянын алдыңкы үрөнчүлүк чарбаларынын башчылары, селекционерлери менен биргеликте Бишкекке келүүгө даяр экендигин кошумчалады",- деп айтылат маалыматта.
edita