SerepTV Logo

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди

Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди
Орусиядан Кыргызстанга 1084 тонна ун келди. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, ушул жылдын 2-апрелинде Ош шаарында, ал эми 5-апрелде Бишкектеги башкы консулдуктун жана Орусия элчилигинин катышуусунда келген унду өткөрүп алышкан. Маалыматка ылайык, азык-түлүк 5 миң 500 үй-бүлөгө жана өлкөнүн аймактарындагы 78 мектеп окуучусуна максаттуу таратууга багытталган. Жардам берүү Орусиянын 2020-2021-жылдарга БУУнун дүйнөлүк тамак-аш программасы фондуна 9 миллион доллар көлөмүндө ыктыярдуу төгүмдөрүнүн алкагында ишке ашты. «Орусия Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугун бекемдөө боюнча мындан башка да эл аралык долбоорлорду каржылоону улантат. Орусиянын финансылык жана техникалык жардамынын аркасында республиканын 700 мектебиндеги 400 миңге жакын окуучу ысык тамак-аш менен камсыз болду», — деп айтылат билдирүүдө.
Unknown Author