SerepTV Logo

Орусиядан 150 миң тонна буудай келет

Орусиядан 150 миң тонна буудай келет
Орусиядан апрель айында  өлкөгө 150 миң тонна буудай алынып келинет. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков брифингде билдирди. Маалыматка ылайык, Орусия тарап менен 150 тонна буудай алуу туурасында келишим түзүлгөн. "Апрелден тарта ташып келүү иштери башталат, ал учурда баа арзандайт. Апрель-майда буудайды биздин ун комбинаттары ташып келет", — деди министр. Ошондой эле брифингде министр өлкөдө ун менен дан эгиндери жана алардын баалары боюнча көйгөй жаралбайт деп кошумчалады. Белгилей кетсек, Кыргызстан жылына 300 миң тонна буудай жана 90 миң тонна ун башка мамлекеттерден сатып алат.
Unknown Author