SerepTV Logo

Орусиядагы массалык мушташ боюнча элчилик үн катты (видео)

Орусиядагы массалык мушташ боюнча элчилик үн катты (видео)
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган 4 Кыргыз жараны тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди. Маалыматка караганда, учурда Орусия Федерациясынын тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ошондой эле элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат. "Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт. Андыктан элчилик Кыргыз Республикасынын жарандарын чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Орусия Федерациясынын мыйзамдарын бузбоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.
Москванын түштүк-чыгышында кечээ, 12-июлда Кыргызстан менен Тажикстандан барган мигранттардын катышуусунда массалык мушташ болгону маалымдалган.