SerepTV Logo

Орусияда массалык мушташка катышкан кыргыздарды депортациялап башташты

Орусияда массалык мушташка катышкан кыргыздарды депортациялап башташты
Москванын Кузьминки районундагы массалык мушташка катышкан чет өлкөлүк 26 адам федерациянын аймагына чыгарылды. Бул маалыматты «Vesti.ru» жарыялаган. Колуна кишен салынган адамдар «Домодедово» аэропортунан Кыргызстанга депорттолгону белгилүү болду. Алар эми 40 жыл бою Орусиянын аймагына кирүүгө укугу жок. Июль айындагы чырдан кийин Орто Азиядагы 4 өлкөнүн жалпы жүздөн ашык жараны кармалган болчу.