Орусия ИИМге Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана эки спринтер тапшырды
Ички иштер министлигине Орусиянын Ички иштер министрлигинин атынан унаалар тапшырылды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти. Транспорт каражаттары кечээ, 16-сентябрда тапшырылган.
Жаңы унаалар Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын техникалык базасын чыңдоого арналган жана ички иштер органдарынын баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүгүн бекемдөөдө, кылмыштын башка түрлөрүн ачууда кызмат кылат.
"Жалпысынан Chevrolet Cobalt үлгүсүндөгү 15 унаа жана Газель NEXT Автобус үлгүсүндөгү эки спринтер тапшырылды. Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөп, конокторго тыгыз кызматташтыгы жана колдоосу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди. Октябрь Урмамбетов өз ара иштешүүнү өркүндөтүү максатында "Ысык-Көл 2021" учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча кыргыз-орус машыгуулары ийгиликтүү өткөндүгүн белгилеп кетти", - деп айтылат маалыматта.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="73224,73225,73226"]