Орусия Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөттү
Бүгүн, 17-июнда Бишкекке Орус православдык чиркөөсүнүн линиясы боюнча 3 тонна гуманитардык жүк келди. Келген гуманитардык жардам Баткендеги чек ара жаңжалынан жабыр тарткандарга жиберилет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, гуманитардык жардам антисептикалык каражаттар, медициналык коргонуучу кийимдер, бет кап жана башка жеке коргонуучу каражаттардан турат.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="56411,56412,56413,56414,56415,56416"]