"Орус эстрада жылдыздары келет". Жаңы жыл түнү “Ала-Тоо” аянтында концерт болот
31-декабрда Бишкек мэриясы шаар тургундары жана коноктору үчүн жаңы жылдык программа даярдады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
"Саат 18:00дө борбордук “Ала-Тоо” аянтында чоң майрамдык концерт өтөт. Шаар тургундарын жана конокторун орус эстрадасынын жылдыздары – ырчы Клава Кока жана «Дискотека Авария» тобу катышкан жагымдуу программа күтүп турат. Мындан тышкары, кыргыз эстрадасынын жылдыздары сахнада чыгып, майрамдын унутулгус атмосферасын түзүшөт", - деп айтылат маалыматта.