SerepTV Logo

Өрт чыккан «АЮ Гранд» соода борборунда кайрадан калкты тейлөө борбору иштей баштады

Өрт чыккан «АЮ Гранд» соода борборунда кайрадан калкты тейлөө борбору иштей баштады
Бишкектеги «АЮ Гранд» соода борборунда жайгашкан Калкты тейлөө борборунун иши калыбына келтирилди. Жана «119» колл борбору да өз ишин жандандырды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди. Эске салсак, кечээ 2-февралда «АЮ Гранд» соода борборунда өрт чыгып, электр жарыгы өчүп, соода борборун ишин убактылуу токтоткон эле.
Unknown Author