SerepTV Logo

Орок айылындагы оюн-зоок паркы жана стадиондун курулушу кандай жүрүп жатат?

Орок айылындагы оюн-зоок паркы жана стадиондун курулушу кандай жүрүп жатат?
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарына жакын жайгашкан Орок айылында бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда аквапаркы бар оюн-зоок паркын куруу долбоору менен таанышты. Парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Оюн-зоок паркынын жанында мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак-жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен бала бакчанын курулушу да пландалууда. Мындан тышкары, парктын жанына футболдук стадион курулуп жатат. “Заманбап стадион, жаңы кооз оюн-зоок паркы жана башка инфраструктуралар борбордун көрүнүшүн кооздоп, шаардын жаңы имиджин түзөт”, – деди Акылбек Жапаров.   Текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="258928,258929,258930,258931,258932,258933"]