Орхан Инандынын жоголушу. Аны тапкан адам 1 миллион доллар алары айтылды (видео)
Бүгүн, 4-июнда Өкмөт үйүнүн алдында «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандынын тарапташтары кайрадан чогулушту. Алар өкмөттөн жана укук коргоо органдарынан дайынсыз жоголгон Орхан Инандыны тезирээк таап берүүнү талап кылууда. Митингге аталган билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү, мугалимдери, окуучуларынын ата-энелери катышууда.
Митинг учурунда сөз алып сүйлөгөндөрдүн бири "Сапат" билим берүү мекемесинин бүтүрүүчүлөрү Орхан Инандынын жүргөн жери жөнүндө маалымат үчүн 1 миллион доллар төлөй тургандыгын айтты.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. Кечээ, 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.
https://youtu.be/DmgM3yYdy2Q