SerepTV Logo

"Орел и решка" Кыргызстанда. Тышкы иштер министрлиги эки берүү тартуу боюнча макулдашкан

"Орел и решка" Кыргызстанда. Тышкы иштер министрлиги эки берүү тартуу боюнча макулдашкан
Кыргызстандын туристтик потенциалын популяризациялоо боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында Кыргызстандын Украинадагы элчилиги “Орел и Решка” программасынын продюсерлери менен Кыргызстан жөнүндө эки теле-берүүнү тартуу боюнча макулдашууга жетишти. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Июль айында теле-берүүнү тартуу тобу Кыргызстанга жөнөтүлгөн, анда Туризм департаментинин жана туризм секторунун өкүлдөрүнүн жардамы менен эки берүү тартылган. "Бул берүүлөр Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата даярдалып, 11-сентябрда “Новый” жана “Пятница” украин телеканалдарында биринчи тасмасы көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта. Экинчи берүү 18-сентябрда чыгат жана 19-сентябрдан тартып Youtube каналында да жеткиликтүү болот.