Оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары "Торугарт" пунктунда коррупциялык схема бар экенин айтып чыгышты
Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары ассоциациясынын төрагасы Максатбек Дүйшеев 24.kg агенттигине бажы кызматкерлери айдоочулардын иштөөсүнүн жаңы алгоритмин ойлоп тапканын билдирди. «Жүк ташуунун бул схемасы бизге туура келбейт. Мындай алгоритмдер коррупциялык схемаларга алып келет, айдоочулар чыгымга учурайт», - деди ал. Ассоциациянын төрагасы бажы чек арага санитардык аймак деген түшүнүктү киргизүүнү көздөп жатканын түшүндүрдү.
«Санитардык аймак 6 чакырымды түзөт. Айдоочулар контейнерлерди алып, жерге коюп, унааны тазалашы керек. Демек, чек арада автотранспорттук компания түзүлүп, ошол компания акча табат, контейнерлерди жүктөө жана түшүрүү иштерин жүргүзөт. Бул айдоочулар үчүн кошумча чыгымдар. Мындан тышкары бажы жагынан жол-жоболоштуруунун баасын эки эседен ашык көтөрүүгө аракет кылууда. Ошого жараша товарлардын баасы да кымбаттайт”,- деди ал.