SerepTV Logo

Ооганстандан 24 кыргызстандык эвакуацияланды

Ооганстандан 24 кыргызстандык эвакуацияланды
Ооганстандан 24 кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. "Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 18-августта Казакстан тарабынын атайын бортунда Кыргызстандын 15 жаранын Казакстандын Алматы шаарына чейин эвакуациялоо жөнүндө макулдашууга жетишилген",- деп айтылат маалыматта. Кыргызстандын Башкы консулдугу эвакуацияланган жарандарын Бишкекке чейин коштоп келишкен. "Мурда маалымдалгандай, Кыргызстандын Ооганстандагы элчилигинин жардамы менен Кыргыз Республикасынын 9 жараны Америка тарабынан уюштурулган атайын рейс менен Кабул шаарынан Катар мамлекетине эвакуацияланган. Учурда аларды Кыргыз Республикасына кайтаруу каттамдарын  иштеп чыгуу маселеси каралууда. Ооганстандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары коопсуз жерде жайгашкан, министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери алар менен туруктуу телефон аркылуу байланышууда жана аларды эвакуациялоонун ар кандай жолдору каралууда",- деп айтылат маалыматта.