SerepTV Logo

Онкологиялык оорусу бар бейтаптар вакцина алса болобу? Дарыгер жооп берет

Онкологиялык оорусу бар бейтаптар вакцина алса болобу? Дарыгер жооп берет
“Башкаларга караганда онкологиялык оорусу бар бейтаптар үчүн коронавирустук инфекциянын жана каза болуп калуунун коркунучу болжол менен 2 эсе жогору. Онкологиялык бейтаптардын COVID-19дан эмделүүсү тууралуу сунуштамаларды бере ала турган изилдөөлөрдүн азырынча жогу өкүнүчтүү. Онкологиясы бар бейтаптардын ковидден оор кабылдоолорунун жана өлүм 2 эсе жогору жана эмдөө зарыл”, - бул тууралуу Улуттук онкология жана гематология борборунун директорунун клиникалык иш боюнча директорунун орун басары Суютбек Дөөлөтбеков маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, бир нече жыл мурун дарыланган жана азыркы убакытта оору ремиссияда болгон онкологиялык бейтаптарга “өзүңөрдүн доктуруңардан кеңеш алып поликлиникага барып, эмдөө алгыла” деп кеңеш берсе болот. ❗Бирок бейтаптардын экинчи тобу – азыркы убакытта шишикке каршы дарылоого зарыл болгондордун (химиотерапия, нурдуу дарылоо, операция) иммундук тутумду бир далай алсыз болушу мүмкүн. Андай учурда вирустук инфекциянын татаалыраак өтүү мүмкүндүгү бар. “Кандай болбосун, мындай бейтаптарды потенциалдуу пайданын жана мүмкүн болгон коркунучтардын айкалышын кылдат таразалап туруп, эмдөөгө талапкерлер катары караштыруу зарыл. Бул жерде чечим доктур менен чогуу жана жеке кабыл алынарын эстен чыгарбоо керек”, - деди дарыгер. 2020-жылы Кыргызстан боюнча 5 миң 377 онкологиялык бейтап каттоого алынган. Алардын арасынан 3539 адам каза болду, эсепте 28 миң 586 адам турат.