SerepTV Logo

Оңдолуп жаткан жолдорго суу чачууну суранган айдоочуларга министрлик жооп берди

Оңдолуп жаткан жолдорго суу чачууну суранган айдоочуларга министрлик жооп берди
Социалдык тармактарда айдоочулар айланма жолдо тартылган видеолор менен бөлүшүп, чаңдан унаалар көрүнбөй, авариялык абал жаралып жатканын айтышкан.  Транспорт министрлиги редакцияга суу чачылып жатканын, кечээ, 29-апрелде Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болгондуктан ушундай жагдай жаралганын айтышты. "Жериндеги консультанттар суу чачуу иштери жүрүп жатканын айтышты",- дешти министрликтен.