SerepTV Logo

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жогору
Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет. Маалыматка ылайык, 6-майда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 (Төө-Ашуу ашуусу), 198-246 (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука - Жаңы-Базар - Кировка автоунаа жолунун 199-215 (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу) жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) суу кар көчкүсү түшүүcү күтүлөт. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Unknown Author