SerepTV Logo

Өлкөнүн алыскы аймактарында 500 бала бакча ачылат

Өлкөнүн алыскы аймактарында 500 бала бакча ачылат
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында, өлкө боюнча жалпы 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачууну пландоодо. Учурда долбоор тууралуу маалымат берилип, кыска мөөнөттүү бала бакчанын модели жана аны ачуу шарттары түшүндүрүлүүдө. Министрликтин маалыматына караганда, мындай бала бакчаларда балдар 3 саат гана болушат. Анда өнүктүрүү, окутуу, тарбия берүү кызматтары гана көрсөтүлүп, тамак берүү, уктоо каралган эмес. Бул формат экономикалык жактан пайдалуу жана аз каражат керектелет. Долбоордун алкагында ар бир бакчада балдар үчүн санитардык-гигиеналык шарттар түзүлөт, окутуу, өнүктүрүү куралдары менен камсыздалат. Кыска мөөнөттүү бакчалар алыскы жана тоолуу аймактарда, чек ара айылдарында, ошондой эле этникалык азчылык өкүлдөрү жашаган райондордо ачылат. Учурда жергиликтүү бийликтен өтүнмөлөрдү кабыл алуу жүрүп жатат. “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун максаты — балдарды мектепке даярдоо, мектепке чейинки жана орто мектеп мугалимдеринин эффективдүүлүгүн жогорулатуу. Долбоордун багыттарынын бири боюнча 500 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат жана 700 тарбиячы окутуудан өтөт.
Unknown Author