Өлкөдөгү ооруканаларда коронавирус жуктурган канча бейтап бар?
Өлкөдөгү стационарларда 1732 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.
Алар:
- 35 адам канааттандырарлык абалда,
- 1086 адам орто оор абалда,
- 509 адам оор абалда,
- 102 адам өтө оор абалда.
Дагы 1915 адам өз үйүндө дарыланууда.