SerepTV Logo

Өлкөдө ундун 2 айга жетчү запасы бар

Өлкөдө ундун 2 айга жетчү запасы бар
Өлкөдө ундун 1,5-2 айга жетчү запасы бар. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Рустам Жунушов маалымат жыйынында билдирди. "Калкты 1,5-2 айга камсыздай ала турган ундун жана буудайдын запасы бар. Мурда кол коюлган келишимдердин негизинде Орусиядан буудай келип жатат", - деди ал. Талас облусундагы ундун тартыштыгы аталган аймак бир гана казак продукциясын керектей тургандыгынан улам болгону айтылды. "Өлкө башынан үч революцияны, пандемияны өткөрдү. Анын ар биринде чек ара жабылып, азык-түлүктүн, анын ичинде ундун кризиси болот. 2016-жылдан бери өкмөткө кайрылып келебиз. Биздин базар контрабандалык болуп калып, өтө көп комбнаттардын жабылышына алып келди. 2020-жылы болгону 7 комбинат иштеп жаткан, азыр 27 комбинат иштеп жатат. Алардын санынын көбөйүшү сырьену алып кирүүгө өткөн жылы салыкты жокко чыгаруудан улам болду", - деди Жунушов.