Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны азаюуда. Статистика
Акыркы сутка ичинде өлкөдө 191 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бишкекте - 121, Ошто - 11, Чүйдө - 28, Ош облусунда - 2, Таласта - 6, Нарында - 8, Ысык-Көлдө - 11, Жалал-Абадда 4 киши оору жуктуруп алды деп каттоого алынды. Ошентип, өткөн жылдын март айынан бери коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 102 миң 702 кишиге жетти.
Соңку суткада оорудан 6 киши каза болду. Бишкекте төрт, Чүй жана Таласта бирден өлүм катталды. Коронавирустан каза тапкандардын жалпы саны 1 миң 757 адамды түздү.