SerepTV Logo

Жаңы жыл түнү эки эгиз ымыркай төрөлдү

Жаңы жыл түнү эки эгиз ымыркай төрөлдү
Өлкөдө Жаңы жыл түнү эки айым эгиз төрөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, 31-декабрь таңкы саат 8ден 1-январь таңкы саат 8ге чейин 375 төрөт кабыл алынып, 379 наристе төрөлгөн. Алардын ичинен 207 эркек бала, 172 кыз жарык дүйнөгө келген. Ошондой эле, Ысык-Көл облусунун тургуну түнкү саат 12:45те эгиз кыз жана уулдуу болгон. Ал эми Жалал-Абад облусунун тургуну таңкы саат 4:55те эгиз кыздарды жарык дүйнөгө алып келген.
Unknown Author