SerepTV Logo

Өлкөдө бир жыл ичинде ундун баасы 12 пайызга өскөн

Өлкөдө бир жыл ичинде ундун баасы 12 пайызга өскөн
Кыргызстанда ундун чекене баасы бир жыл ичинде орточо эсеп менен 12 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 25-мартка карата жогорку сорттогу буудай ундун баасы республика боюнча орточо эсеп менен 48,45 сомду түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 13,2 пайызга өскөн. Ал эми биринчи сорттогу буудай ундун баасы 2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 38,97 сомду түздү же 10,8 пайызга өстү. Учурда  жогорку сорттогу ундун эң жогорку базар баалары Ошто — 61,11 сом, Ноокатта —  56,82 сом, Балыкчыда — 55,54 сомдон сатылууда. Ал эми арзан баалар Кербенде бир килограмм ун —  40,10 сом, Өзгөндө — 42,99 сом жана Чаек айылында — 43,00 сомдон экени аныкталды.
Unknown Author