Өлкөдө бензиндин баасы 50 сомго чыгышы күтүлүүдө
Бензиндин баасы жакын арада дагы 3-4 сомго кымбаттайт. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынан журналисттерге билдиришти. Маалыматка караганда, кымбаттоого бир топ факторлор себеп болууда. Алардын арасында нефтиге болгон баанын дүйнө жүзү боюнча көтөрүлүшү дагы бар.
“Кымбаттоого орусиялык заводдордогу дүң баанын көтөрүлгөнү дагы себеп болууда. Тагыраагы, 1 литр бензиндин 50 сом болушу кадыресе көрүнүш болгону турат. Келерки кымбаттоо марттын аягына, апрелдин башына туура келиши мүмкүн”, — дешти ассоциациядан.
Уюмдан билдиришкендей, мындан узагыраак убакытка божомол кылуу мүмкүн эмес. Анткени дүйнөлүк рынокто нефть казып алуунун көлөмү азайган сайын баалар тездик менен өзгөрүп жатат.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Вероника Исаева бааларды турукташтыруу максатындагы аракеттердин бири катары чийки нефтини Кыргызстандан сыртка чыгарууга тыюу салуу болгонун айтты. "Бүгүн Кыргызстандагы нефтини кайра иштетүүчү заводдор 30 пайызга гана иштеп, алардын кубаттуулугу өлкөнү АИ-80 үлгүсүндөгү бензин менен камсыздоого гана жетет. Башка түрлөрүн импорттоп жатабыз. Эгер бир ай ичинде күйүүчү майга баа 20 пайызга кымбаттап кетсе, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттик чектөөлөрдү киргизип, бааны бир деңгээлде кармайт”, — деди ал.
АИ-92 бензини бир топ убакыт бою 33,5 сомдон ашкан эмес. Бааны 2020-жылдын февраль айында Орусиянын нефть иштетүүчү заводдору түшүргөн. 2021-жылдын декабрь айынан баштап баалар кичинеден өсүп отуруп, 35,6 сомго жеткен. Январь айынын аягында айдоочулар 1 литр май үчүн 36,9 сомдон төлөй баштаган. Учурда ал орто эсеп менен 45,5 сом турат.