SerepTV Logo

Өлкөдө акыркы сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды

Өлкөдө акыркы сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды
Өлкөдө акыркы сутка ичинде 68 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу маалыматты республикалык штабдан таратышты. Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 45, Ош - 4, Чүй облусу - 12, Ысык-Көл - 6, Жалал-Абадда 1 адамдан оору катталды. Өткөн жылдын март айынан бери жалпы илдет аныкталгандардын саны 87 миң 389 адамга жетти. Акыркы сутка ичинде оорудан 2 өлүм, ал экөө тең Бишкек шаарында катталды. Жалпы коронавирустан каза болгондордун саны 1 миң 490 бейтапты түздү.
SuperTV