Өлкөдө 500 миңге жакын адам мамлекеттен жөлөк пул алып жашайт
Мамлекеттик жөлөкпулду алуучулардын жалпы саны 456,5 миң адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, алардын ичинен “Үй-бүлөгө көмөк” - 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөкпул алуучулардын саны – 349,4 миң адамды түздү. “Социалдык жөлөкпул” - пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөкпул алуучулар – 96 миң адамды түздү. Бала төрөлгөндө бир жолку жөлөкпул «балага сүйүнчү» алуучулар – 11,1 миң адамды түздү.
Жалпысынан республика боюнча “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулдун орточо өлчөмү 868,1 сомду түздү. Социалдык жөлөкпулдун орточо өлчөмү 3041,3 сомду түздү.
Мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөгө республикалык бюджеттин каражатынан жалпы суммасы 662,8 млн сом акча каражаты каржыланган, алардын ичинен “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулду төлөөгө – 311,0 млн сом, социалдык жөлөкпулду – 307,3 млн сом, “балага сүйүнчү” жөлөкпулу – 44,5 млн сом каржыланган.