SerepTV Logo

Олимпиада оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшыруу аземинен фоторепортаж

Олимпиада оюндарынын катышуучуларына сыйлык тапшыруу аземинен фоторепортаж
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта Токиодогу ХХХII жайкы Олимпиада-2020 оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Ата мекендик спортту өнүктүрүүгө зор салым кошкондугу үчүн төмөнкүлөр сыйланды: II даражадагы «Манас» ордени менен:
  • Махмудов Акжол Махамаджанович;
  • Тыныбекова Айсулуу Болотовна;
  • Изабеков Нурбек Канатбекович. 8 миллион 150 миң сомдук сертификат тапшырылды;
  • Ахметов Мейрамбек Жанилович. 2,5 миллион сомдук сертификат тапшырылды.
III даражадагы «Манас» ордени менен:
  • Жуманазарова Мээрим Рахмадиловна;
  • Башкы машыктыруучу Эркимбаев Азат Сталбекович. 3,3 миллон сомдук сертификат тапшырылды.
«Даңк» медалы менен:
  • Медет кызы Айпери. 1 миллион сомдук сертификат тапшырылды.
  • Оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Расулбеков Бекдөөлөт Расулбекович. 1 миллион сомдук сертификат тапшырылды;
  • Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Шаршенбеков Жоламан Назарбекович. 1 миллион сомдук сертификат тапшырылды;
  • Сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Петрашов Денис Евгеньевич;
  • Спорттук медицина бөлүмүнүн функционалдык диагностикасынын дарыгери Алишева Бактыгүл Насаровна. 1,5 миллон сомдук сертификат тапшырылды;
  • Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Карачолоков Улукбек Осконбаевич. 2,750 миллион сомдук сертификат тапшырылды;
  • Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Кенжебаев Байгазы Бобунович. Ага 4,5 млн сомдук сертификат тапшырылды;
  • Оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин оор атлетика боюнча окутуучу-машыктыруучусу Молдодосов Омуржан. 500 миң сомдук сертификат тапшырылды;
  • Жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Чокаев Сатыбек Мухамедович;
«Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер» ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
  • Жеңил атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Маслова Дарья Владимировнага;
  • Ленин районунун олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Жуманазаров Рахмадил Кадыркуловичке;
«Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардак наамы ыйгарылды:
  • Спорт журналисттери федерациясынын башкы катчысы Макешов Кабыл Асангелдиевичке; 
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
  • Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Азисбеков Атабек  Азисбекович;
  • Эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акматалиев Эрназар Кубатбекович;
  • Кыргыз улуттук университетинин кыз-келиндер күрөшү боюнча бөлүмүнүн окутуучу- машыктыруучусу Базакечев Тугельбай Молдобаевич. 1 миллион сомдук сертификат тапшырылды;
  • Грек-рим күрөшүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Жузупбеков Үзүр Даниярбекович;
  • Фехтование боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Петров Роман Александрович;
  • Медициналык-консультациялык кызмат көрсөтүү жана спорттук медицина борборунун улук массажисти Еремич Константин Марьянович. 1,5 миллон сомдук сертификат тапшырылды;
  • Ош шаарынын № 2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин грек-рим күрөшү боюнча окутуучу-машыктыруучусу Жамалдин уулу Акпарали. 1 млн сомдук сертификат тапшырылды;
  • Ленин районунун олимпиялык резервдеги балдар-өспүрүмдөр адистештирилген мектебинин эркин күрөш бөлүмүнүн окутуучу-машыктыруучусу Изабеков Чынарбек Корчубекович. Ага 1 миллион 750 миң сомдук сертификат тапшырылды;
  • Сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Петрашов Евгений Георгиевич;
  • Спорттун олимпиялык түрлөрү боюнча дирекциянын Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын улук машыктыруучусу Таабалды уулу Сүймөнкул;
  • Оор атлетика боюнча балдар-өспүрүмдөр адистештирилген спорттук мектебинин оор атлетика боюнча окутуучу-машыктыруучусу Токтоналиев Камбар Калысбекович. Ага 300 миң сомдук сертификат тапшырылды.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="68912,68913,68914,68915,68916"]