SerepTV Logo

Окумуштуулар кумшекердин баланын эс-тутумуна терс таасирин аныкташты

Окумуштуулар кумшекердин баланын эс-тутумуна терс таасирин аныкташты
Америкалык окумуштууулар жүргүзгөн изилдөөлөр шекердин балдардын эс-тутумуна болгон терс таасирин аныктады. Мындай бүтүмгө алар лабораториялык келемиштерге жасалган эксперименттен кийин келишкенин Science Daily порталы жазып чыкты. Келемиштерди эки топко бөлүшкөн. Алардын бирине такай таттуу суусундук берип турушкан. Кесепетинде алардын мээсинин эс-тутум үчүн жооп берүүчү бөлүгүндө бузуулар байкалган. Буга ичегиде Parabacteroides бактериясынын көбөйүп кетиши таасир эткен. Бул бактерияларды кумшекер колдонбогон келемиштердин организмине киргизгенде, алардын дагы эс-тутуму начарлаган.

Эми илимпоздор эгер адам пайдасыз суусундуктардан баш тартып, туура тамактанса, организм оңолуп кетеби же буга чейинки абалында калабы деген суроого жооп издеп жатышат.

Unknown Author