Окумуштуу Асел Сыртбаевага "Жылдын айымы" сыйлыгы ыйгарылды
Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаевага Британиянын абройлуу "Жылдын айымы" сыйлыгы ыйгарылды. Бул тууралуу уюштуруучулардын Твиттердеги баракчасына жарыяланды.
Эскерте кетсек, өткөн жылы Бата университетинин илимий кызматкери Асел Сартбаева жана анын командасы вакциналарды каалаган температурада кармоо үчүн система иштеп чыкканы белгилүү болгон. Ал вакциналарды муздаткычсыз ташууга жана сактоого болот. Алар 100 градуска чейин ысытканда же үч жылга чейин сактаганда деле жарактан чыкпайт. Окумуштуулардын эмгектери дүйнө жүзү боюнча балдарга вакциналардын коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлгөн эле.
"FDM Every Woman Technology" сыйлыгы академия айдыңындагы технология жана илимге зор салым кошкон айымдарды сыйлайт.
Калыстар тобу Сартбаеваны "технологияны төңкөрүп гана тим болбостон, глобалдык ар түрдүүлүктү жана биримдикти жайылтууга эбегейсиз таасирин тийгизген феноменалдуу аял" деп белгилешти. Уюштуруу комитети Сартбаеванын изилдөөсү дүйнөдөгү айымдар менен балдардын өмүрүн сактап калат деп ишенет.