SerepTV Logo

Октябрдан тарта Оштон Стамбулга түз каттам менен учууга болот

Октябрдан тарта Оштон Стамбулга түз каттам менен учууга болот
Эми Ош шаарынан Стамбулга түз каттам менен жетүүгө мүмкүн. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти. «Стамбул-Ош-Стамбул» маршруту боюнча жаңы туруктуу каттам 1-октябрынан тартып ишке кирмекчи. Жүргүнчүлөрдү ташууну "Pegasus" авиакомпаниясы жумасына 3 ирет - дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү жүргүзмөкчү. Учуу убактысы 5 саат 30 мүнөттү түзөт.