Өкмөт үйүнүн алдында Орхан Инандынын тарапташтары кайрадан митингге чыгышты (сүрөт)
Бүгүн, 25-июнда дээрлик бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан “Сапат” билим беруү мекемесинин директору Орхан Инандынын тарапташтары Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Катышуучулар бийликтен дайынсыз жоголгон адамды издөө жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышууда.
1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. Ошол күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жатат. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Азырынча бул иштерден майнап чыга элек.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="59037,59038,59039"]