SerepTV Logo

Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо конушунун тургундары митинг өткөрүп жатат

Өкмөт үйүнүн алдында Ак-Ордо конушунун тургундары митинг өткөрүп жатат
Бүгүн, 29-октябрда өкмөт үйүнүн жанында Ак-Ордо конушунун Е-Ж кварталынын тургундарынын митинги өтүүдө. Алардын айтымында, 2007-жылы аларга аталган кварталдан жер берилген. 2008-жылы кызыл китеп алышкан. Ал эми 2013-жылы коомдук фонд ал жер тилкелерди башка адамдарга бере баштаган. Алар Сокулук РИИБге кайрылышкан, бирок иш объективдүү каралган эмес. Митингге чыккандарга Министрлер кабинетинин орун басары чыгып, ишти көзөмөлгө аларын айтты.