SerepTV Logo

Өкмөт үйүнүн алдына ачкачылык жарыялайм деп олтуруп алган карыя үйүнө жиберилди

Өкмөт үйүнүн алдына ачкачылык жарыялайм деп олтуруп алган карыя үйүнө жиберилди
Бүгүн, 18-июнда Бишкектеги Өкмөт үйүндө мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаган 74 жаштагы пенсионер Досумбай Дүйшалиев үч саатка жетпей үйүнө кетти. Бул тууралуү Биринчи Май районунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кечки убакытта Өкмөт үйүнүн алдына келип ачкачылык жарыялайм деген карыяга милиция кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иши жүргүзүлгөндөн кийин карыя ал жерден кеткендигин маалымдашты.
Unknown Author