SerepTV Logo

Өкмөт электрондук паспортторду жана башка документтерди 1-майга чейин иштеп чыгат

Өкмөт электрондук паспортторду жана башка документтерди 1-майга чейин иштеп чыгат
1-майга чейин өкмөткө электрондук паспортторду, айдоочулук күбөлүктөрдү, транспорттук каражаттарды каттоо күбөлүктөрүн киргизүү сунушталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, мындай иш-аракет мамлекет менен жарандардын өз ара аракеттенүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөт. "Мамлекеттик катто кызматы санарип электрондук документтерди киргизүү боюнча иштеп жатат. Жакынкы арада мобилдик тиркеме ишке киргизүү пландаштырылууда. Анда үч негизги документтин электрондук версиялары камтылат: 2017-жылдагы паспорт, айдоочулук күбөлүк жана автоунааны каттоодон өткөрүү күбөлүгү",- деп билдиришти өкмөттөн. Аталган мобилдик тиркемени ишке киргизүүнүн укуктук негиздерин иштеп чыгуу үчүн "Санариптик документтердин реестри жөнүндө" долбоору иштелип чыккан, ал учурда парламенттин кароосунда жактырылууда.
Unknown Author