Өкмөт башчы Улукбек Марипов: "Дары-дармектин баасы калк үчүн жеткиликтүү болушу керек"
«Өкмөт калкка дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды жана алардын бааларын жөнгө салуунун тийиштүү механизмин сунушташы керек», - деди премьер-министри Улукбек Марипов дары-дармектерге бааларды жөнгө салуу маселелерин талкуулаган жумушчу жыйындын жүрүшүндө.
Ал дары-дармектерге бааларды мамлекет тарабынан жөнгө салуунун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Коронавирустук инфекциянын пандемиясы учурунда дары-дармектерге болгон баа мурдагыдан да курч болуп турат. Жай мезгилинде дары-дармектердин баалары кескин жана негизсиз көтөрүлүп кеткендигине бардыгыбыз күбө болдук. Бүгүнкү күндө дары-дармектердин айрым түрлөрүнө баалардын өсүшү дагы байкалууда. Биз калкка, айрыкча, социалдык жактан аярлуу категориядагы жарандар үчүн дары-дармектерге жеткиликтүү бааларды камсыз кылышыбыз керек. Өтө маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген жана КНСтен бошотулган дары-дармектерди өзгөчө белгилеп кетким келет. Салыктык жеңилдиктерге карабастан, айрым дары-дармектердин наркы өндүрүш ишканаларынын сатуу бааларына салыштырмалуу бир нече эсе көтөрүлүп кетти. Бул жагдай бизге түп-тамырынан ылайык келбейт, ошондуктан тизмени концептуалдык түрдө карап чыгуу, ошондой эле баа саясатын талдоо керек”,- деди ал.
Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга бир жуманын ичинде дары-дармектердин бааларын көзөмөлдөө механизмдери боюнча сунуштарды киргизүүнү, ошондой эле дарылардын баалар саясаты боюнча дарыкана тармактарынын өкүлдөрү менен иштөөнү тапшырды.
«Мен дары-дармектерге болгон бааларды жеке көзөмөлүмдө калтырам»,- деди Марипов.