Өкмөт башчы мекендештерди мамлекеттик туу күнү менен куттуктады
Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди Кыргызстандын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Төмөндө анын куттуктоосунун текстин келтиребиз:
«Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун күнү менен куттуктайм.
Герб жана гимн менен катар мамлекеттик туу биздин өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн символдорунун бири болуп саналат.
Мамлекеттик туунун майрамы өзүндө патриоттуулуктун жана мекенге болгон чыныгы сүйүүнүн рухун камтып, маанилүү күндөрдүн календарында ардактуу орунду ээлеп калды.
Мамлекеттик туу – бул өлкөнүн ар бир жаранынын сыймыгы жана биздин спортчулар мелдештерде жеңишке жетип, Кыргыз Республикасынын гимни жаңырып, биздин туу менен пьедесталга көтөрүлүп жаткандагы адамдардын сезимдерин жана эмоцияларын сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес.
Сиздерге чың ден соолук, тынчтык жана бакубат жашоо каалайбыз!",- деп куттуктады Марипов.