Өкмөт башчы чек ара жаңжалында курман болгондордун тажиясына барды
Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуялардын жүрүшүндө курман болгон жарандардын үй-бүлөсүнөн кабар алды. Ал Сүйүн Тагаевдин жана Рашиддин Үсөн уулунун үй-бүлөсүнө барды.
«Биз оор жоготууга учурадык, өз мекенин коргоодо өмүрүн берген өлкөнүн чыныгы патриотторунан айрылдык. Биз аларды кайгыруу менен жоктойбуз, ушул тапта бүтүндөй өлкө жарандары кайгырып турат», - деди өкмөт башчы.
Премьер-министр шейит кеткендерге куран түшүрүп, мамлекет курман болгондордун үй-бүлөсүнө тийиштүү көңүл бөлүп, камкордукка алаарын белгиледи.