SerepTV Logo

Өкмөт азырынча мектептерди толук кандуу иштетүүгө эрте экенин айтты

Өкмөт азырынча мектептерди толук кандуу иштетүүгө эрте экенин айтты
Кечээ, 17-февраль күнү биринчи вице-премьер Артем Новиков акыркы убакта жаш балдардын пневмония илдетине көп чалдыгып жатканына байланыштуу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Анда биринчи вице-премьер жаш балдардын акыркы убакта пневмония, сасык тумоо жана кавасаки синдрому менен көп оорушу өлкөнүн оорчунду жагдайларынын бири экенин айткан. “14 жашка чейин балдар тууралуу бирдиктүү медициналык маалымат базасын түзүп, күн сайын сасык тумоо жана пневмония боюнча каттоо жүргүзүү зарыл. Бардык билим берүү мекемелери ар бир баланын абалы тууралуу маалымат берип турушу шарт. Мектепке чейинки мекемелер жана мектептер учурда чектөөлөр менен иштеп жатат. Бирок анализ жүргүзмөйүнчө аларды толук кандуу иштетүү тууралуу сөз кыла албайбыз деп",- деп билдирген Новиков. Бклгилей кетсек, буга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев өлкөдө жаш балдар арасында пневмония илдети көп катталып жатканын айткан болчу.
Unknown Author