ӨКМдин алдындагы митинг. Чогулгандар тендерлердин таза өтүшүн талап кылышууда
Бүгүн, 23-мартта Бишкекте Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу Сереп Медиага күбөлөр билдиришти.
Маалыматка караганда, нааразычылык акциясын "Грин Таун" компаниясынын кызматкерлери уюштурушкан. Алар тендерлердин таза өтүшүн талап кылышууда. Митинг катышуучуларынын айтымында, компания 3 жылдан бери ӨКМ өткөргөн тендерлерге катышып келет, бирок уткан күндө дагы буюртманы аткарууга бут тосушат. Жыйынтыгында буюртманы ӨКМге караштуу мекемеге берип коюп жатышат.
«Мындай коррупциялык схемаларды токтотуп, тендерлерди таза өткөрүүнү талап кылабыз», - дешти чогулгандар.