SerepTV Logo

Өрткө каршы кызматынын 95 жылдыгына карата мелдеш өттү (сүрөт)

Өрткө каршы кызматынын 95 жылдыгына карата мелдеш өттү (сүрөт)
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы кызматынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата Бишкек шаарында жайгашкан Ленин, Свердлов, Октябрь жана Биринчи Май райондорунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өрт райондук бөлүмдөр арасында өрт-куткаруу, өрт колдонмо спорту боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш спорттун илме шаты менен окуу мунарасынын 4-кабатына чыгуу, 3 муунактуу шаты менен окуу мунарасынын 3-кабатына чыгуу, 100 метрлик тоскоолдуктардан өтүү, күжүрмөн жайылуу түрлөрү боюнча өткөрүлдү. Иш-чарага өрт өчүрүү-куткаруучулар жана Өрт коопсуздугу боюнча кафедрасынын студенттери өрт колдонмо спорту боюнча өнөрлөрүн сынашты. Жыйынтыгы менен алдыңкы орундарды ээлеген кызматкерлерге дипломдор, командалык эсепте орун алган райондук бөлүмдөргө диплом жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54155,54156,54157,54158,54159,54160,54161,54162,54163"]
Unknown Author