SerepTV Logo

Ош-Бишкек жолу оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды

Ош-Бишкек жолу оор жүк ташуучу унаалар үчүн ачылды
Бүгүн, 5-апрель саат 11:15ке карата Бишкек-Ош унаа жолу ачык. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. 4-апрель күнү саат 19:00дөн тартып Токтогул районунун «Арал» постунда күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унааларга убактылуу киргизилген чектөө, бүгүн саат 11:10до алынды. Ал эми Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун Талды-Булак айылындагы постко убактылуу киргизилген чектөө алына элек.
Unknown Author