Министр: "Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатат"
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев үй куруучулар менен бирге өткөргөн көчмө жыйында Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда экологиялык талаптар сакталбай жатканын айтып, ишкерлерди сынга алды.
“Биздин шаарды эмнеге айлантып салдыңар? Тротуар жок, абабыз түтүн! Шаарда жашоо дээрлик мүмкүн болбой калды. Имараттарды куруу үчүн дарактардын баарын кыйып жатасыңар. Шаар шамалдабай калды. Мындай мыйзам бузуу болсо дароо токтотуш керек”, - деди ал.
Ошондой эле министр көп кабаттуу үйлөрдүн курулуштарынын сапаты начар экенин айтып, аларды курууда бирдиктүү архитектура киргизүү керектигин билдирип, сунуш киргизди.