ӨКМ: "Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн"
5-7-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
"Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-2°, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында -2…-4° градус болуп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылча-жемиштерге, казылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу",- деп айтылат маалыматта.