SerepTV Logo

ӨКМ эскертет! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн

ӨКМ эскертет! Тоолуу райондордо сел жүрүшү мүмкүн
5-6-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектериндеги аймактарын суу капташы мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Сак болуңуздар!
edita