ӨКМ: "1-январдан тарта ӨКМ кызматкерлеринин маянасы 50 пайызга жогорулайт"
2022-жылдын 1-январынан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин маянасы 50 пайызга жогорулайт. Бул тууралуу ӨКМдин каржылоо бөлүмүнүн башчысы Анаргүл Нурмамбетова 20-октябрда маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, акыркы жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин маянасы 2014-жылы көтөрүлгөн. "Эгерде бөлүм башчы азыр 12 миң сом алса, эми ал 20-21 миң сом алат. Улук офицерлердин айлыгы 8900 сом, ал эми бөлүмдүн кызматкерлери 8600 сом болсо, эми алар 13000-13,300 сом алышат",- деди Анаргүл Нурмамбетова.