SerepTV Logo

Ноорузга байланыштуу "Ала-Тоо" аянтындагы айрым жолдор жабылат

Ноорузга байланыштуу "Ала-Тоо" аянтындагы айрым жолдор жабылат

Нооруз майрамына байланыштуу "Ала-Тоо" аянтындагы айрым жолдор жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 

"18-март саат 22:00дөн тарта 23-мартка чейин Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, Раззаков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жана Орозбеков көчөсүнүн Абдымомунов көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат",- деп айтылат маалыматта.