Нарындагы окуучунун өлүмү боюнча директорго катуу сөгүш берилди
Нарын районунун Ийри-Суу айылында жайгашкан М.Байдөөлөтов атындагы мектептин 7-классынын окуучусу А.Э.Э.нин өз өмүрүнө кол салганы тууралуу маалыматтын негизинде Нарын шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрү тарабынан өз убагында текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында М.Байдөөлөтов атындагы мектептин директоруна “катуу сөгүш” берилди, ал эми окуучунун класс жетекчисине жана социалдык педагогго катуу тартиптик чара көрүү сунушталды. Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, мектептин мугалимдери менен жолугушуу өткөрүлүп, кесиптик этика, балдарды коргоо жана окуу процессиндеги коопсуздукту камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле тобокел тобундагы балдар менен иштөө механизмдери боюнча окутуулар уюштурулду.
Нарын облустук милициясы маалымат таратып, 1-апрель күнү Нарында 7-класстын окуучусу Эрбол Абийиров өз жанын кыйганын билдирген. 9-апрелде Нарын облустук милициясы мектептин директорунун уюштуруу иштери боюнча орун басары кармалганын билдирди.