Нарында жолдошу тарабынан ашканада бычакталган аялдын абалы кандай?
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Нарын облусунун жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуудан кийин ал күйөөсү тарабынан бычакталган келинге барып, ал-акыбалын билди.
Аял акыйкатчыга учурда анын балдары жана өзү коопсуз жерде жашап жатканын айтты.
“Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин, өзүмө келүүгө жеке кризистик борбордун психологдору жардам беришүүдө. Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда сот жүрүп жатат”, - деди аял.
Окуя соцтармактарга таркап кетери менен кайдыгер эмес жарандар аялга жардам колун сунушкан. Жеке кризистик борборлордун биринин жетекчиси үй-бүлөгө керектүү жардам көрсөтүүдө.
31-августта Нарында чуулгандуу окуя болгон. Мас абалындагы күйөөсү ашпозчу болуп иштеген аялынын жумушуна кирип келип, аны бычак менен сайып баштаган. Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү, башка кишинин өмүрүн кыюуга аркеттенүү" беренелери менен кылмыш иши козголгон. Андан соң, сот шектүүнү тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.
Аял Нарын шаарындагы соода борборлорунун бириндеги ашканада иштеген. Анын айтымында, күйөөсү ага бир нече жолу кол көтөргөн. 2024-жылдын июль айында ызы-чуу салгандан кийин, үч баласы менен үйдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк жолдошу жумушуна келип, денесинин бир нече жерине бычак менен сайып кеткен.