SerepTV Logo

Нарында жол боюнда турган даараткана уурдалды (сүрөт)

Нарында жол боюнда турган даараткана уурдалды (сүрөт)

Нарында жол боюнда турган даараткананы уурдап кетишкен. Бул тууралуу Фейсбук колдонуучусу Сергей Глуховеров жазып, сүрөт менен бөлүштү.

"2019-жылы Кел-Суу көлүнө бара жаткан жолдо даараткана тургузууну чечтик. Биз жакшы иш кылууну, ыңгайлуулукту камсыз кылууну ойлогонбуз... Биз даараткананы "Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө" утурлай орнотконбуз. 2020-жылы туризм жок болчу. Ал эми 2021-жылы көнүл оорутарлык ишке туш болдук. Кимдир-бирөө дааратканын бөлүктөргө бөлүп, муктаждыгына жараша көтөрүп кеткен. Анан таң калып коебуз, эмне үчүн өлкө боюнча даараткана жок, эмнеге тоодо таштанды салган челектер жок деп... А алар калабы? Достор, жасалып жаткан нерсени баалаганда гана жылыш болот",- деп жазды ал.