Нарында жаран «Йакын-Инкар» уюмунун мүчөлүгүнөн баш тартты
Кочкор районунда диний иштер боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Нарын облусунун жашоочусунун Кыргызстанда тыюу салынган «Йакын-Инкар» диний-экстремисттик уюмунун ишмердүүлүгүнө тиешеси бар экендиги аныкталган.
"30-июнда Кочкор районунун хатибиятынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасында, жаран көз караштарынын жаңылыштыгын мойнуна алып, мындан ары бул экстремисттик кыймылдын ишине катышуудан баш тартканын белгилеп, райондун тургундарын экстремизм идеяларынын таасиринен сак болууга чакырды. УКМК тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүнө каршы алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү боюнча системалуу иш-чараларды улантууда", - деп айтылат маалыматта.